БАКАЙ-АТА РАЙОНУ
БАКАЙ-АТА РАЙОНУ (1992-жылга чейин Л е н и н п о л ь р а й о н у) Талас облусунда 1936-жылы уюшулуп, 1953-жылы Талас районуна кошулган. 1977-жылы кайрадан Ленинполь району болуп түзүлүп, 1992-жылдан азыркыдай аталат. Чыгышынан Талас, батышынан Кара-Буура, түштүгүнөн Токтогул, Чаткал (Жалал-Абад облусу), түндүгүнөн Манас райондору м-н чектешет. Аянты 2,3 миң км2. Калкы 54,1 миң (2004). Райондо 9 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору - Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) кыштагы. Район Талас өрөөнүнүн борбордук бөлүгүнөн орун алган. Түштүгүндө Талас Ала-Тоосу (эң бийик жери Күмүштак чокусу - 4251 м), түндүгүндө Эчкили тоосу (2500 м) жатат. Кен байлыктары: күмүш, мрамор, акиташ теги ж. б. Климаты континенттик, июлдун орточо температурасы 20°С, январдыкы -6...-10°С. Жылдык жаан-чачыны 300 мм. Ири суулары: Үрмарал, Талас, Күмүштак. Өрөөнү боз, тоо бөлүгү күрөң топурактуу. Тоо бөлүктөрүнө ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Кургак талаа, талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Райондо облустун калкынын 19,6% (2004) жашайт. 2003-жылы калктын төрөлүү деңгээли 31,1% (облуста - 27,5%), өлүм-житим - 6,7% (6,7%), табигый өсүш

25,0% (20,6%) түзгөн. Райондун калкынын 43,7% эмгек жашына чейинкилер, 48,1% эмгек жашындагылар ж-а 8,2% эмгек курагынан өткөндер. 2003-жылы райондогу эмгек курагындагы калктын 80,0%ке жакыны эмгектенип, анын 76,3% айыл чарбасында, 7,7% билим берүүдө, 3,0% саламаттык сактоодо, калгандары соода, транспорт, байланыш ж. б. тармакта эмгектенген.
Калкынын көбү кыргыз (98,4%), ошондой эле орус (0,6%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орточо жыштыгы 1 км 2ге жерге 18 киши.
Райондо мал чарбасы ж-а дыйканчылык (анын ичинде буудай, төө буурчак, кант кызылча) өнүккөн. Айыл чарбага жарактуу жери 131,6 миң га, анын ичинде 23,5 миң га сугат жер, айдоо 23,0 миң га (анын ичинде сугарылып айдалуучу жер 22,9 миң га), көп жылдык дарактар 520 га (анын ичинде сугатка жарактуу 510 га), чабынды 85 га, жайыт 108,0 миң га (анын ичинде сугарылма жайыт 143 га; 2004). Дан ж-а төө буурчак (2003-жылы 44,7 миң т), картөшкө (37,0 миң т), жашылча (10,8 миң т), кант кызылча (29,0 миң т) ж-а тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. 2003-жылы 9,5 миң уй, 89,6 миң кой, эчки, 4,8 миң жылкы, 25,9 миң үйкушу болгон. 2003-жылы тирүүлөй салмакта 5,2 миң т эт (облустун 20,9%), 17,1 млн т сүт (22,7%), 2,7 млн даана жумуртка (17,3%), 306 т жүн (26,2%) алынган. Кыш заводу, бир нече тегирмен, май чыгаруучу чакан цехтер, айыл чарба шаймандарын жасоочу ж-а оңдоочу чакан устаканалар иштейт. 2003-жылы райондо 1,5 млн сомдук (облустун 0,5%) өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Аймагынан Талас - Тараз (Казакстан) - Бишкек, Тараз (Казакстан) - Талас - Өтмөк - Суусамыр - Бишкек автомобиль жолдору өтөт. Автомобиль транспорту м-н 112,8 миң т жүк (облустун 13,1%) ташылган; жүргүнчүлөрдүн жүгүртүлүшү 20,1% млн км жүргүнчү.
Райондогу 18 орто, бир башталгыч мектепте 862 мугалим иштеген. Он бир бала бакча, 18 клуб, маданият үйү, көркөм сүрөт музейи, 30 китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Эки оорукана, 2 амбулатория, 16 ФАП, үйбүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт. 1939-жылдан райондук «Айыл жарчысы» гезити кыргыз, орус тилдеринде чыгат.
А Мырзаев.