БАКАЛАВРИАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКАЛАВРИАТ – илимий багытта бакалаврларды даярдоо программасы боюнча базалык жогорку билимге ээ болуунун негизги бөлүгү. Толук эмес жогорку билими барлар үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл. Бул программаны өздөштүргөн адам бакалавр даражасын алат жана төмөндөгүдөй иштерди аткарууга даярдалат: кесиптик билим берүү программасы менен аныкталган ишмердикти аткаруу; изилдөө иши менен байланышкан маселелерди өз алдынча чечүү; тийиштүү багыт боюнча окуусун магистратурада улантуу.