БАКАСОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАСОВ Сталбек Сабдракунович (1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Аңөстөн кыштагы) - педиатр, медицина илимдеринин доктору. КММИни бүтүрүп (1977), ошол эле жерде ординатура ж-а аспирантураны бүтүргөн (1982). КММАда доцент, 1997-жылдан кафедра башчысы. Балдар кардио­ревматологиясы боюнча адис. 90дон ашык илимий эм­геги, анын ичинде 1 монографиясы бар.