БАКБО БУЛУҢУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКБО БУЛУҢУ, Т о н к и н б у л у ң у Түштүк Кытай деңизинде, Кытай менен Вьетнамдын жээгинде. Деңизден Лейчжоу жарым аралы менен Хайнань аралы, материктен Хайнань кысыгы бөлөт. Узундугу 330 км, жазылыгы кире беришинде 241 км, тереңдиги 82 м ге чейин. Суткасына 1 жолу ташкындайт (5,9 м ге чейин). Порту – Хайфон (Вьетнам).