БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКТЕРЕК ГИПС КЕНИ Нарын облусунда, Куланак кыштагынан 6-7 км түштүк-чыгышта, Бактерек суусунун башында, деңиз деңгээлинен 2000-2552 м бийиктикте. 1959-60-жылдарда геологиялык чалгындоо жумуштары жүргүзүлүп, запасы эсептелген. Кен аймагын неогендин чөкмөтектери түзөт. Алардын арасындагы гипс катмарларынын калыңдыгы 1,5-14,5 м, узундугу 5 км ге чейин. Гипсте катмарча ж-а линза сымал (калыңдыгы 0,5 м ге чейин) жаткан акиташтеги, чопо кездешет. Кендеги гипс 93,5%ке чейин. Ак, агыш боз, кызгылтым түстө. 1-сорттогу курулуш гипси алынат. Карьерден ачык казып алууга болот. Запасы А+В+С1 категориялары боюнча 1353 миң т.