БАКТЕРИЯЛАР
БАКТЕРИЯЛАР (гр. Ьаеіёгon-таякча) - клеткасы прокариот тибиндеги (ядросу жок) бир клеткалуу организмдер. Голллландиялык окумуштуу А. Левенгук өзү ойлоп тапкан микроскоп м-н алгач бактерияларды жамгыр суусунда, тиш киринде, топуракта ж. б. болорун көрүп, сүрөттөп жазган. Франция окумуштуусу Л. Пастер бактериялардын зат алмашуусун изилдеп, алардын табияттагы чирүү, ажыроодогу маанисин, оору козгоочу касиеттерин ачкан. Бактериялар жөнөкөй түзүлүштө болуп, сыртынан клетка кабыкчасы м-н капталат ж-а клетка ортосунан экиге бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Ал тоголок (кокктор), таякча сымал (бациллалар, клостридиялар), ийри-буйру (вибриондор, спириллдер, спирохеталар) формада болот; диаметри 0, 1-10 мкм, узундугу 1-20 мкм, ал эми күкүрт бактериялардын узундугу 5-100 мкм го жетет. Көбү шапалакчаларынын жардамы м-н кыймылдайт. Алар ар түрдүү физиологиялык, биохимиялык касиеттерге ээ. Кээ бир түрлөрү ыңгайсыз шартта туруктуу спора пайда кылат. Кычкылтеги бар (аэробдор), ошондой эле ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Органикалык заттар (гетеротрофтор) же органикалык эмес заттардан органикалык заттарды түзүп (автотрофтор) азыктанышат. Космополиттер, бардык материкте жашайт; топуракта, сууда, абада кеңири тараган. Алардын саны ж-а түрдүк курамы экологиялык шартка жараша болот. Заттардын табиятта айланышында бактериялардын мааниси зор. Өсүмдүк ж-а жаныбарлардын калдыктарын толук минералдаштырып, тирүү клетканын курамына кирүүчү бардык химиялык элементтердин айланышына катышат. Көпчүлүгү - киши, мал ж-а өсүмдүктөрдүн оору, ылаң ж-а илдет козгогучтары. Бактериялар тамак-аш, микробиологиялык, химия ж. б. өнөр жай тармактарында колдонулат.
