БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ
БАКТЕРИЯЛЫК КУРАЛ , б и о л о г и я л ы к к у р а л - адамдарды, жаныбарларды ж-а өсүмдүктөрдү массалык түрдө дартка чалдыктыруу же өлтүрүү максатында микроорганизмдердин оору козгоочу касиетине негизделген биологиялык каражат. Бактериялык куралдын негизги жабыркатуучулары - бактерия, вирус, рикетсия, козугарындар ж-а алардын тиричилигинен пайда болгон уулар - токсиндер. Алар согуштук максатта колдонулуп, курт-кумурска, кемирүүчү, кене ж. б-дын, жардамы м-н, ошондой эле суспензия, күкүм түрүндө таратылат. Бактериялык каражаттарды таратууда атайын ракета, артиллериялык снаряд, авиациялык бомба ж. б. да пайдаланылат. Аз күч ж-а каражат жумшап, өтө чоң аянтты жабыркатууга болот. Ал организмге өтө аз өлчөмдө киргенде эле жабыркатат (оорутат). Айрым оору козгогучтардан пайда болгон жугуштуу оорулар, белгилүү шартта оорунун бир очогунан башка жерге тарап, көптөгөн адамга жугат (эпидемия). 1925-жылы Женева протоколу ж-а 1972-жылы БУУ конвенциясы м-н Бактериялык куралды колдонууга тыюу салынган. Бактериялык куралды колдонуу адамзатка каршы эң чоң кылмыш болуп эсептелет. Ал жалпы кабыл алынган эл аралык укукту орой бузгандыкка жатат. Бактериялык куралды колдонуу коркунучу аскерлерди ж-а элди коргоо боюнча натыйжалуу чараларды даярдоону талап кылат. Аларга эпидемияга каршы санитария-гигиеналык ж-а дарылоо чаралары, элди ж-а армияны инфекциядан сактануу чаралары м-н тааныштыруу (эмдөө, шашылыш алдын алуу, маска тагынуу), элди атайын жабдылган жабык жерлер м-н камсыздоо, тамак-ашты, сууну, өсүмдүк ж-а жаныбарларды коргоо кирет.