БАКТУУ-ДОЛОНОТУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАКТУУ ДОЛОНОТУ , X у т о р, П р о г р е с с - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы кыштак. Бостери айыл өкмөтүнө караштуу. Бишкек- Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1680 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 3 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 83 км. Калкы 4218 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, ашкана, үй бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Кыштактын четинде ипподром жайгашкан.