БАКУНИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУНИН Михаил Александрович (18(30). 5. 1814, Тверь губерниясы, Премухин кыштагы - 1. 7. 1876, Швейцария, Берн) - орус революционери, анархизмдин теоретиги, народниктердин идео­логдорунун бири. 1848-49-жылдарда Австрия револю­циясына катышкан. 1851-жылы австриялык бий­лик тарабынан Россияга кайтарылган. Алгач Петропавловск, кийинчерээк Шлиссельбург че­бинде түрмөгө камалган. 1857-жылы Сибирге сүр­гүнгө айдалган. 1861-жылы Сибирден качып, Япония, АКШ аркылуу Лондонго барган. Ал жактан А. И. Герцен, Н. П. Огарёвдор м-н кызмат­ташкан. 1864-65-жылдарда «Интернационалдык боор­доштук» жашырын революциячыл коомун түзгөн. 1868-жылдан 1-Интернационалдын мүчөсү болгон. Ал К. Маркска ж-а анын жактоочула­рына каршы чыккан. 1827-жылы Гаага конгресси­нин чечими м-н Интернационалдан чыгарылган. Бакуниндин «Мамлекеттүүлүк жана анархия» деген эм­геги Россиядагы народниктер кыймылынын өнү­гүшүнө зор таасир тийгизген. Анын окуусу боюнча, тарых - адам баласынын «жаныбарлар дүйнө­сүнөн» «көз карандысыздыкка» карай басып өткөн жолу; дин - коомдун аң-сезиминдеги адашуусу.