БАЛАКИРЕВ
БАЛАКИРЕВ Милий Алексеевич [21. 12. 1836 (2. 1. 1837), Нижний Новгород - 16 (29) 5. 1910, Санкт-Петербург] - орус композитору, пианист, дирижёр, коомдук ишмер. Балакиревдин пианисттик жана дирижёрдук ишмердиги Петербургда башталган (1856). 1960-жылдарда «Орустун жаңы музыкалык мектеби», «Балакиревдин ийрими», «Кубаттуу топ» аттуу ийримдерди уюштурган. Ал «Орустун үч темасына увертюра» (1858, 2-редакциясы, 1881), «1000 жыл» аттуу орустун үч темасына экинчи увертюра (1862) менен чех увертюрасын (1867), 1-симфониясын (1864-1898) жазган (2-симфониясы 1908-жылы жазылган). Орустун эпикалык симфония жанрынын жаралышы Балакиревдин ысмы менен байланыштуу. Балакирев - орустун оригиналдуу фортепьяно стилин жаратуучулардын бири. Орус камералык-вокалдык музыкасында анын романстары менен ырлары өзгөчө орун ээлейт.
