БАЛАЛАЙКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЛАЛАЙКА - орустун элдик үч кылдуу (мурда эки) чертме музыкалык аспабы. XVIII кылымдын башында жаралып, домбраны алмаштырган. Айрыкча жөнөкөй калктын арасында кеңири тарап, жеке, топтук (ансамблдик) аткарууда элдик ырларды, бийлерди, частушкаларды жана башка чыгармаларды коштойт. XIX

кылымдын аягында музыкант В. Андреев С. Налимов жана башка музыкалык усталар менен бирдикте Балалайканы өркүндөтөт, орустун тунгуч эл аспаптар оркестрин уюштурат. Башталгыч музыкалык мектептерде, окуу жайларда жана консерваторияларда Балалайкада ойноо боюнча адистер даярдалат.