БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР КЫЛМЫШТУУЛУГУ - балдардын коомго жат, коркунучтуу аракети. Ал начар тарбиялануудан, жумушсуздуктан, келечекке ишенбөөчүлүктөн, билим алуу кыйынчылыкта­рынан же кылмышкерлердин азгыруусунан улам пайда болот. Мындай кылмыштуулукка каршы мыйзамдар бар. Мыйзамда көрсөтүл­гөндөй, белгилүү куракка келгичекти балдар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Балдар кылмыштуулугу жөнүндөгү арыз укук коргоо бөлүмдөрүнө берилет. Балдар кылмыштуулугу өспүрүм куракка чейинки кылмыштуулук­тан айырмаланып, 14 жаштан 18 жашка чейинки өспүрүмдөр тарабынан жасалган кыл­мыштар жыйындысы катары каралат. Кылмыш жасаганда 18 жашка толбогондор жашы жет­пегендер деп эсептелет. 16 жашка толгон бал­дарга жаза белгиленет же тарбиялык таасир берүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн. 14 жашынан тартып адамдар төмөндөгү кылмыштар: киши өлтүрүү, саламаттыкка ата­йылап оор же анча оор эмес залал келтирүү, адамды уурдоо, зордуктоо, сексуалдык зомбу­лук аракеттер, мал уурдоо, тоноо, каракчылык, башка бирөөнүн мүлкүн ири өлчөмдө уурдоо, опу­залап талап кылуу, автотранспорт каражатын укуксуз ээлеп алуу, өрттөө же башка жалпыга коркунучтуу ыкмада мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, терроризм, барымтага кармоо, оордотуучу жагдайлардагы зөөкүр­дүк (хулиганчылык), вандализм, куралдарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап талап кылуу, башкага берүү максатында баңги каражаттарды же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, уурдоо, опузалап талап кылуу, транспорт каражаттарын, жол байланышын жарак­сыз абалга келтирүү кылмыштары боюнча жооп­ко тартылышат. Кылмыш жасаган жашы жет­пегендерге жазанын айрым түрлөрү гана колдо­нулат.

К. Бодобаев.