БАЛДАР ООРУЛАРЫ
БАЛДАР ООРУЛАРЫ – көбүнчө же жалаң гана балдарда кездешүүчү оорулар тобу. Аларга ымыркай балдардын оорулары, жугуштуу, ичеги-карын, дем алуу жолдорунун оорулары жана зат алмашуу бузулгандагы оорулар кирет. Балдар оорулары баланын өсүү өзгөчөлүктөрүнө, жашына, ооруга каршылык көрсөтүүсүнө (иммунитетине) байланыштуу болот. Ара терөлгөн жана төрөттөн жабыркаган балада нерв системасынын оорулары көп кездешет. Эмчектеги баланын ооруларына мээге кан куюлуу, шал оорусу, асфиксия, кемтик оорулары, гидроцефалия, микроцефалия, жаш балдардын флегмонасы, гемолиз ж. б. кирет. Эмчектеги баланын ичеги-карынында ферменттердин жетишсиздигинен жана тамактануу эрежесинин бузулушунан ич өткөк (диспепсия), таза аба жана күн нуру аз болгондо «Д» витамининин жетишсиздиги пайда болуп, итий оорусуна алып келет. Наристе балдар (1–3 жаш) жугуштуу оорулар (скарлатина, кептөөр, кызамык, көк жөтөл, суу чечек, дизентерия, шал оорусу, полиомиелит , сарык ж. б.) менен көбүрөөк ооруйт. Мектепке чейинки балада (3–7 жаш) жугуштуу оорулар (полиомиелит, туберкулёз), мектеп жашындагы балдарда ревматизм көп жолугат. Өспүрүмдөрдө нерв, жүрөк-кан тамыр системаларынын жана ички секреция бездеринин функциясынын туруксуздугунан алардын ишинин бузулушу кездешет. Ооруну алдын алуу үчүн кош бойлуу аялдын туура тамактануусу, эс алуусу жана түрдүү жугуштуу оорулардан сактануусу чоң мааниге ээ. Балдарда жугуштуу ооруларды болтурбоо үчүн эмдөө жүргүзүлөт.