БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЛДАРДЫН КҮНДӨЛҮК РЕЖИМИ - балдардын бир суткадагы оюнун, иш-аракетин, эс алуусун туура уюштуруу. Күндөлүк режим алардын анатомиялык-физиологиялык жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу м-н түзүлөт. Режим боюнча балдар уйкусу канганча (10-12 саат) уктоосу керек. 3-6 жаштагы балдардын эртең мененки тамактануудан кийинки убактысы сүрөт тартуу ж. б. м-н өтөт. Мектеп окуучулары сабактарын окуудан, үй тапшырмаларын аткаруудан кийин мектептеги түрдүү ийримдерге катышат. Балдардын күндөлүк режиминде сабактан кийин 2-3 саат дем алуу, таза абада болуу, уктоо убактысы да көрсөтүлөт. Мектеп окуучуларынын режиминде сабакка даярдануу, эс алуу, уктоо убактылары жаш өзгөчөлүктөрүнө, сабак өтүүнүн убактысына жараша түзүлөт.