БАЛЕАР АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЕАР АРАЛДАРЫ Жер ортолук деңизинин батыш бөлүгүндө. Мальорка, Менорка, Питиуз аралдары кирет. Испаниянын Балеарес провинциясы­на карайт. Аянты Питиус аралы менен кошо 5 миң км 2ден ашык. Калкы 830 миң (2004). Адыр-күдүрлүү жа­пыз тоо (бийиктиги 1445 м ге чейин) рельефи ба­сымдуу. Жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, гарига) ж-а токой басымдуу. Жүзүм, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун дарагы өстүрүлөт. Балык кармалат. Негизги шаары ж-а порту - Пальма-де-Мальорка (Мальорка аралында). Деңиз климаттык курорттору, эс алуу жайлары бар. Туризм өнүккөн.