БАЛЕТМЕЙСТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЕТМЕЙСТЕР (немисче ваllеttmеіstег - бийдин устаты) - бийди, балетти, хореографиялык номерлерди коюучу адам. Балетмейстер сахнада көркөм образды жана спектаклдин идеясын көрсөтүүчү кыймыл-ара­кеттин системасын түзүп, хореографиялык партияны ар бир актёр жана бүт коллектив менен бирге иштеп чыгат. Кыргыз балетмейстерлери Н. Түгөлов, Э. Мадемилова, У. Сарбагышев, С. Абдужа­лилов, К. Садыков, М. Асылбашев жана башкалардын улуттук бийдин өнүгүшүнө кошкон салымдары чоң.