БАЛКАН СОГУШТАРЫ
БАЛКАН СОГУШТАРЫ (1912-13). Б и р и н ч и Б а л к а н с о г у ш у [Б. Б. с.; (Б. 1912-ж. 9-октябрь -1913-ж. 30-май] - Балкан союзуна (1912) кирген мамлекеттерди басып алган Осмон империясына каршы согуштар. Аны башгоого Түркиянын Македония м-н Фракияга автономия берүүдөн баш тартуусу шылтоо болгон. 1912-жылы 8- октябрда Черногория Түркияга согуш жарыялаган. Болгария, Сербия, Грекия согушка 18- октябрда кирип, Түркияны Лондон тынчтык келишимин (1913) түзүүгө мажбур кылышкан. Ал келишим боюнча Түркия Стамбул ж-а Чыгыш Фракиядагы жерлеринин бир аз бөлүгүнөн тышкары, Европадагы бардык ээликтеринен ажыраган. Биринчи Балкан согушу Албаниянын көз каранды эместикке жетишүүсүн тездеткен. Э к и н ч и Б а л к а н с о г у ш у (Э. Б. с. 1913-ж. 29-июнь - 10- август) - 1-тараптан Болгариянын, 2-тараптан Сербия, Черногория, Грекия, Румыния ж-а Түркиянын ортосундагы согуш. союздаштардын ортосундагы карама-каршылыктын ырбашынан улам чыккан [к. Балкан союзу (1912)]. Болгар аскерлери Македониядагы сербиялык, грекиялык аскерлерге 30-июнда капилеттен кол салган. Согушту баштагандар 29-июлда багынууга мажбур болгон. Мунун натыйжасында Бухарест тынчтык келишими (1913) түзүлүп, ага ылайык Болгария Македониядагы, Фракиядагы жерлеринен гана эмес, Түштүк Добружадан да ажырап калган. Константинополь келишими боюнча Адрианополду Түркияга калтырууга мажбур болгон. Экинчи Балкан согушу Румыниянын Үчтүк союздан (1882) чыгып кетишине ж-а Антантага жакындашуусуна жардам берген. Болгария Австрия - Германия блогу тарапка өткөн. Балкан согуштары эл аралык мамилелерди андан ары курчутуп, 1-дүйнөлүк согуштун башталышын тездеткен.