БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ
БАЛКАР КЕРАМИКАСЫ - биздин заманга чейинки III миң жылдыкта Түндүк Кавказда пайда болгон карапачылык кол өнөрчүлүгү. Балкар-Дагстандагы Лак айылы көркөм керамиканын байыркы борбору болгон. Уламыш боюнча карапачылык өнөрдүн пири Калькучи Балкар айылынын аялдарын кол станокто ошол жердин топурагынан керамика жасаганга үйрөткөн. Карапачылык менен шугулдануу бул жерде аялдардын иши болгон. Азыркы Балкарда карапачылык техникасы (карапа жасоочу калып, эшип ийлөө ыкмасы жана эски конструкциядагы мештерде бышыруу жана башкалар) көп деле өзгөргөн жок. Балкар керамикасына өзгөчө тектоникадагы жука капталдуу ар түрдүү идиштер, мүнөздүү өзгөчөлүктөрү миңдеген жылдардан бери калыптанган кенен, бышык, узун моюндуу, суу ташуучу «уршалар», жуунуучу, май салуучу, эжигей

туздоочу кумуралар, дан салуучу идиштер, табак, мискей, майда пластика кирет. Карапанын түсү менен ак ангоб жазуусунун тор саймасынын айкалышы Балкар керамикасынын мүнөздүү белгилеринен болуп эсептелет.