БАЛЛИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЛИСТИКА (нем. Ваllіstік – ыргытам) – артиллерия снаряды, авиабомба, мина, гранат жана ок-дарынын, ошондой эле ракета жана анын согуш блокторунун, космос аппаратынын жана башкалардын кыймылы жөнүндөгү илим. Мындай кыймылга нер­сени запас кинетикалык энергияга ээ кылуучу күүлөнүп (активдүү) учуу жана ал энергияны чөйрө каршылыгын, оордук күчүн жеңүүгө сарптаган эркин (пассивдүү) учуу мүнөздүү. Баллистика теориялык жана асман механикасынын, термо-, газо­ жана аэродинамиканын, ок-дарынын күйүү, математикалык статистика теорияларынын, ыктымалдык жана башкаруу теориясынын ж. б. закондорго негиз­делет. Баллистиканын негизги ыкмасы – снаряд жана ракета кыймылдарын детерминацияланган жана стохастикалык мазмундагы дифференциалдык ж. б. теңдемелер системасына негизделген эсептөө техникасынын жардамы менен математикалык моделдөө. Аскер ишинде, космонавтикада, криминалистикада ж. б-да кеңири пайдаланылат. Най системасынын жана ракетанын (реактивдүү снаряддын) Баллистикасынын курамдык бөлүктөрү бо­луп ички жана сырткы баллистика эсептелет. И ч к и баллистика – курал найынын каналында ыргытуучу заряд күйгөндө пайда болгон газдын таасири астындагы снаряддын кыймылын, ошондой эле аткан учурда найдын каналында же ракетанын күйүү камерасында пайда болгон башка процесстер­дин закон ченемдүүлүгүн изилдейт. Анын негизги бөлүмдөрү: пиростатика, пиродинамика, ку­ралды Баллистикалык долбоорлоо. С ы р т к ы баллистика – кыймылга келтирүүчү түзүлмөнүн өз ара аракети, ошондой эле бул кыймылга таасир этүүчү факторлор токтогондон кийинки ракета, снаряд ж. б-дын кыймылын изилдейт. Анын ыкмалары башка­руучу күчтөр жана моменттердин таасирисиз космос аппаратынын кыймылынын закон ченемдүүлүгүн окуп-үйрөнүүдө колдонулат. Баллистика Байыр­кы Грекияда Архимеддин атуучу куралдарды (катапульта, баллиста ж. б.) жасоосуна жана аларды колдонууга байланыштуу пайда болгон. Снаряддын кыймылын окуп-үйрөнүү 17–18-кылымдар­да X. Гюйгенс (Нидерланд), П. Вариньон (Франция), И. Бернулли, Л. Эйлер (Швейцария) ж. б-дын иштери менен байланыштуу өнүккөн. 20-кылымда орус окумуштуулары Н. Ф. Дроздов, И. П. Граве, Н. А. Забудский ж. б-дын баллистиканын негизги маселелерин чечүүгө жана эсептөө ыкма­сын өнүктүрүүгө байланышкан иштери дүйнөгө белгилүү болгон.