БАЛТА-БЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БАЛТАБЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТА-БЕЙИТ ЭСТЕЛИГИ - байыркы түрк доо­руна таандык көрүстөндөр. Кара-Кужур өрөөнүн­дөгү Туура-Суу жана Жер-Көчкү айылдарынын аралыгындагы дөңсөөдө жайгашкан. Бейиттин күн батыш тарабындагы түздүктө байыркы түрк доо­руна (VI-X кылымдар) мүнөздүү маркум болгон адам­дарга арналган төрт чарчы таш коргончолор жайгашкан. Ар бир коргончонун узун-туурасы 3,4-3,8 м. Маркумга арналган ырым-жырымдар ушул коргончонун ичинде аткарылган. Күлдүн калдыктарына жана малдын сөөктөрүнө караганда, ырымдарды аткаруу учурунда от жагышкан жана малды маркумга арнап садага чабышкан. Коргончолордун күн батыш тарабына адамдын бет келбети түшүрүлгөн таш балбалдар орнотул­ган (кээсинде гана сүрөтү жок, жөн гана таш мамы). Балбалдардагы ар бир адамдын бет келбети бири биринен айырмаланат. Болжолу ар бирине маркумдун сүрөтүн түшүрүүгө аракет кылышкан. Көбүнчө муруттуу эркектин сүрөтү ар­бын. Кыргызстанда жана ага коңшулаш аймактарда буга чейин кездешпеген аял келбеттүү, үч мү­йүздүү баш кийими бар балбал табылган. 1990-жылы К.Табалдиев археолиялык изилдөө ишин жүргүзгөн.

К. Табалдиев.