БАЛТИМОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТИМОР – АКШнын чыгышындагы ири шаар, Мэриленд штатында. Калкы 610 миң (2005; шаар айланасы менен 2,5 млн). Атлантика океанынын Чесапик булуңуна Патапско дарыясы куйган жерде жайгашкан. Ири деңиз порту (жылы­на 30 млн т жүк ташылат). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар (Балтиморду жана Вашингтонду тейлейт). Метрополитен 1682-жылы негизделген. 1729-жылы Мэриленддин губернатору лорд Сесил Балтимордун ысымынан аталган. 1797-жылдан шаар. 1789-жылы Балтиморго өлкөдө 1-жолу католик епархиясы ыйгарылган. 19-кылымдын башында кооздоп эмерек жасоо боюнча даңкталган. Балтимордон – Огайо шаарына АКШдагы алгачкы темир­ жол (1828–1830) курулуп, 1897-жылы 1-ири металлургия заводу ишке кирген. 1904-жылы шаардын ишкер бөлүгү толугу менен күйүп кетип, кайрадан салынган. Классицизм стилиндеги кафедралдуу Кудай Эне собору (1805–1821) сакталган. 1970–1980-жылдарда шаардын борбордук бөлүгү жаңыланып, архитектуралык комп­лекстер (анын ичинде Харбор-плейс) курулган. 1812–1814- жылкы Англия – Америка согушунун катышуу­чуларынын, Ж. Вашингтондун эстелиги бар. Балтимор – өлкөнүн билим жана маанилүү илим-изилдөө бор­бору: Мэриленд ИА (1797), Ж. Хопкинс (1876), Мэриленд (1807), Балтимор (1925) ж. б. университеттер, консерватория (1868), искусство комплекси (1826), 60тан ашык лаборатория (башкы багыты – физика, океанология, океанография, фармецевти­ка, медициналык жабдуулар), Колумб борбору (1994, де­ңиздик биотехнология) иштейт. Мэриленд шта­тынын илимий борбору. Балтимор искусство (1914), Мэриленд тарых музейлери, Уолтерс сүрөт галереясы (1931), жазуучу Эдгар Понун үй-музейи (Балтимордо жашаган жана көмүлгөн), опера театры, шаардык симфо­ниялык оркестр, океанариум бар. АКШнын түндүк-чыгышынын маанилүү өнөр жай жана соода-финансы борбору. Металлургия, химия, радиоэлектроника (анын ичинде согуш өнөр жайы үчүн жабдуу), электр-техника, авиаракета, автомобиль кураштыруу, нефть ажыратуу, тамак-аш, кеме куруу жана ремонттоо өнөр жайы, илимий өндүрү­шү иштейт. Согуш-деңиз базасы бар.