БАЛЫК ЗАВОДУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК ЗАВОДУ - балык өстүрүүчү ишкана. Анда балык урук таштоочу, инкубациялык, чабак өстүрүүчү, тоют даярдоочу цехтер болот. Анын структурасы балыктын түрүнө ж-а андан алынуучу продукцияга жараша түзүлүп, аны курууда ошол жердеги суунун сапатына көңүл бурулат. Балык урук чачуучу мезгилине чейин өзүнчө кармалып, жетилгенден кийин уруктан­дырылат. Чабак бассейндерде ж-а жасалма көлмөлөрдө өстүрүлөт. Аларды тоюттандыруу үчүн атайын курттар, суу бүргөлөрү көбөйтүлүп, көк боор, сөөк уну ж-а тууралган балык эти пай­даланылат. Ысык-Көлдөгү Тоң заводунда жилин­гир (форель) балыгы өстүрүлөт.