БАЛЫК МАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК МАЙЫ (Оlеum jaecoris Аsеll) - трескалар тукумундагы балыктын боорунан алынат. А, Д витаминдери болот. Медицинада колдону­луучу балык майы итий, остеомаляция, анемия оору­ларында, ошондой эле ар кандай жараатта, күйүктө дары катары ж-а тамак-аш өнөр жайында пай­даланылат. Техникада колдонуучу балык майы - куй­кум жыттуу, сары же күрөң суюктук. Бул май балык калдыктарын кайра иштетүүдөн алынып, булгаары чыгаруу ж-а самын кайнатуу өнөр ­жайларында колдонулат. Төлдүн, жөжөлөрдүн бат торолушу үчүн жемге аралаштырылып бе­рилет ж-а малдын итий, ксерофтальмия ж. б. илдетин дарылоодо да пайдаланылат.