БАЛЫК ЧАРБАСЫ
БАЛЫК ЧАРБАСЫ - айыл чарбасынын балык өстүрүүчү ж-а аларды көбөйтүп, тукумун жакшыртуу ишин жүргүзүүчү тармагы. Табигый ж-а жасалма көлмө балык чарбасына бөлүнөт. Табигый көлмө балык чарбасы дарыя, көл, суу сактагыч ж-а деңизде балык запасын көбөйтөт. Азыркы балык чарбасы балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо ж-а балыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери м-н бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорациянын натыйжасында балыкты табигый көбөйтүү шарты жакшырат, урук чачуучу жайларда туруктуу суу режими түзүлөт. Колдо өстүрүү максатында көл жээктерине балык заводдору курулган. Алар урукту инкубациялоо ж-а табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу ж. б. иштер жүргүзүлөт. Севан көлүнөн (Армения) Ысык-Көлгө алынып келингген жилингир (форель) балыгы жакшы байырланып, айрымынын салмагы 24 кгга чейин жеткен. Токтогул, Киров ж. б. суу сактагычтарында балык чарбасы өнүгүүдө. Балыкты тоюттандыруу, өстүрүү, көлмөнүн азыктуулугун арттыруу ж. б. маселелерди атайын илимий-изилдөө мекемелери иштеп чыгат.
Ад.: Иманов Ж. Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; Таиров М. Т. Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985.