БАЛЫКИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫКИН Валерий Васильевич (1941-жылы туулган, Бишкек) – ички кызматтын генерал-майору (1990). Бишкек политехника институтун (1964), Таш­кен партиялык жогорку мектебин (1984) бүткөн.

1958–1980-жылдарда «Оор-электр­маш» заводунда инженер, конструктордук бюронун начальниги, башкы инже­нер, директор, 1980–1982-жылдарда
Кыргызстан КП Биринчи май райкомунун 2-секретары, 1982–1993-жылдарда Кыргыз Республикасынын ички иштер минист­ринин орун басары, 1993-жылдан ИИМдин система­сында жетекчилик кызматта. Медалдар менен сыйланган.