БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ
БАЛЬНЕОТЕРАПИЯ - табигый ж-а жасалма жол м-н даярдалган минералдуу сууларды оорулуунун денесин чыңдоо максатында пайдалануу ыкмасы. Бальнеологияда минералдуу сууларга түшүү (ванна, душ, бассейн, туздуу көл ж. б.) ж-а ичүү, органдарды «сугаруу», оозду чайкоо, ингаляция, карын ж-а ичегилерди жууш үчүн сунуш кылынат. Минералдуу суу ванналары жүрөк-кан тамырдын ж-а нерв системасынын ишин, организмдеги зат алмашууну, ички бездердин иштешин жакшыртат. Жалпы ж-а жергиликтүү ванна жүрөк-кан тамыр, муундардын, нерв системасынын, гинекологиялык ж. б. ооруларды дарылоо үчүн пайдаланылат. Минералдуу сууну ичкенде ооз көңдөйүнүн, карындын былжыр челинин рецепторлоруна түздөн-түз таасир этип, карын секрециясын нормалдаштырат. Минералдуу суулардын кээ бирлери өттүн пайда болушун ж-а алардын боордон бөлүнүп чыгышын тездетип, организмде зат алмашууну жакшыртат. Бальнеотерапияны врач сунуш кылат.