БАНГЛАДЕШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНГЛАДЕШ , Б а н г л а д е ш Э л Р е с п у б­л и к а с ы (Гоно Прожатонтри Бангладеш) - Түштүк Азиядагы мамлекет. Батышынан, чыгы­шынан ж-а түндүгүнөн Индия, түштүк-чыгышы­нан Мьянма м-н чектешет. Түштүгүн Инди океа­нынын Бенгал булуңу чулгап жатат. Аянты 142,7 миң км2 (ички акваторияларын кошкондо 144 миң км2дей).

Калкы 134,8 млн (2005; ай­рым маалыматтарда 144,3 млн). Борбору - Дакка ш. Расмий тили - бенгал тили. Акча бирди­ги - така. Административдик-аймактык жактан 6 облуска (64 округ кирет) бөлүнөт. Бангладеш - БУУнун (1974), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн региондук кызматташуу ас­социациясынын (СААРК; 1985-жылы Бангладеш­тин демилгеси м-н уюшулган), Ислам конферен­циясы (1974), Бүткүл дүйнөлүк соода (1995) уюм­дарынын, Эл аралык валюта фондунун (1972) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү. Бангладеш - унитардык мамлекет; Шериктештикке кирет. Конституциясы 1972-жылы 4-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы - парламенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (5 жылга парламент тарабынан шайланат). Мыйзам чыгаруу бийли­гинин жогорку органы - бир палаталуу парламент. Аткаруу бийлигинин органы - премьер­-министр жетектеген өкмөт. Саясий партиялары жүздөн ашуун.

Табияты. Аймагы Инд-Ганг түздүгүнүн чыгышын ж-а Ганг, Брахмапутра, Мегхна дарыяларынын жал­пы дельтасын ээлейт. Түштүк-чыгышында Лушай

бөксө тоосу (бийикттиги 60-300 м) жайгашкан. Жээк сызыгы 550 км ге созулуп, көптөгөн дельталар ж-а айрыктар м-н тилмеленген; дельта аралдары көп. Жээктери жапыз, бирок суунун ташкындап тартылышына байланыштуу өзгө­рүп турат. Түштүк-чыгышында өлкөнүн эң бийик жери (Читтагонг чокусу, бийиктиги 915 м) жайгашкан. Жеринин 9/10 бөлүгүнө жакынын Бенгал түздүгү ээлейт. Басымдуу бийиктиги 1 м ден 250 м ге чейин. Түштүк бөлүгү (жергиликтүү эл Сундарбан деп аташат) өтө саздак. Кен байлыктарга жарды. Патхария, Пятна, Силхот аймактарында нефть, Читтагонгдо таш көмүр, өлкөнүн чыгышында титан казылып алынат. Климаты субэкватор­дук, муссондук. Жайкы муссон жаан-чачындуу (май-октябрь), кышкы муссон (ноябрь-апрель) кургакчыл. Кышы жумшак, кургак, күнөстүү; январдын орточо температурасы 12-25°С. Жайы ысык, жаанчыл, апрелдики (эң ысык айы) 33°-36°С. Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү 2000—3000 мм дей, ал эми Читтагонгдо 5080 мм ге жетет. Июлдан ноябрга чейин жылдык жаан-чачын­дын 80% жаайт. Суулары жыш. Дарыялары Ганг, Брахмапутра ж-а Мегхна дарыяларынын алабына кирип, суусу мол, кеме жүрөт. Ганг ж-а Жаму­на дарыяларынын салааларынын туурасы 10 км ге же­тип, Мегхна дарыясы м-н кошулуп, чоң эстуарийди түзөт. Муссондук жаан-чачындын негизинде дарыялары жайында ташкындап, өлкөнүн кый­ла бөлүгүн суу каптайт. Ошондуктан дельталарда үйлөр бийик саваяларга курулат. Эң ири көлү — Хайлхаор. Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн калың аллювий топурагы ээлейт. Түн­дүгүнө ж-а түштүк-чыгышына кызыл-сары ферра­лит, дельтанын жээк бөлүгүнө мангр саз топу­рактары мүнөздүү. Маданий ландшафт басымдуу. Акыркы жүз жыл ичинде токойлор өтө катуу деградацияга учураган. Түштүк-чыгышын­да тропиктик токой (гаржан, манго, тика, сало дарагы) сакталган. Ири токой массивдери түштүктө, түштүк-чыгышында, түндүк-чыгышында. Жаан-чачыны азыраак жааган аймактарда жал­бырагы күбүлмө муссондук токой, дөңсөөлөрүн­дө бадалдуу саванна, Бенгал булуңунун жээк­теринде сундра дарактуу мангр токойлору өсөт; бамбуктун 10го жакын түрү кезигет. Өлкөдө коргоого алынган 10 аймак (аянты 65,7 миң га, анын ичинде Сундарбан резерваты Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген) бар. Мангр токоюн­да ж-а дельта аралдарында бенгал арстанынын ири популяциясы корголот. Улуттук парктары: Читтагонг, Мадхурпур.

Калкы. Бангладеш - калк өтө жыш отурукташкан өлкө. Калктын жыштыгы боюнча (1 км 2ге 950 киши) дүйнөдө 1-орунда. 98% бенгалдар, ошондой эле индус, чакма, кхас ж. б. улуттар да жашайт. Ислам (мусулман сүнөттөр 87%), индуизм (12%), буддизм, христиан диндерин тутат. Калкынын табигый өсүүсү өтө жогору, өлүм-житимге (1000 китпиге 8,4 адам) караганда төрөлгөндөрдүн саны (1000 кишиге 30 бала) 3 эседен ашык. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники - 62,1, аялдарыныкы - 62,0 жаш. Шаар калкы 26%. Ири шаарлары: Дакка, Читтагонг, Кхулна, Ражшахи.

Тарыхы. Төмөнкү Гангдын аймагына бенгал уруулары болжол м-н б. з. ч. 1000-жылдыкта отурукташып, б. з. ч. 7-6-кылымдарда Ванга мамлеке­тин түзгөн (мамлекеттин аталышы ушундан келип чыккан: Бангла - бенгал, деш - өлкө). Б. з. ч. 4-кылымдан б. з. 5-кылымына чейин Бангладештин аймагы байыркы индиялык бир катар империялардын курамына кирген. Бирдиктүү Бенгал мамлеке­ти 8-кылымдан 13-кылымдын башына чейин өкүм сүргөн. 13-кылымдын 1-жарымынан 18-кылымдын башына чейин Бангладештин аймагы мусулман династияларынын бийлиги астында, анын ичинде 16-кылымдан тарта Улуу Мо­голдор империясынын курамында болуп кел­ген. Ошол кезден Бенгалияда ислам тарай баш­таган. 18-кылымдын башында борбору Дакка бол­гон Бенгал наместничествосу өз алдынча мамле­кет катары өкүм сүргөн. Плессинин алдындагы салгылашуудан кийин (1757) Бенгалияга англи­чандардын үстөмдүгү орнотулуп, Британ Индия­сынын бир бөлүгүнө айланат. 19-кылымда колония­лык эзүүгө каршы улуттук-боштондук күрөш күч алган. Индиянын көз каранды эместикке же­тишүүсүнөн кийин ж-а аны эки мамлекетке бөлүүдө (1947, Индия ж-а Пакистан), негизинен индустар жашаган Батыш Бенгалия Индиянын курамында калтырылып, мусулмандар мекен­деген Чыгыш Бенгалия (Чыгыш Пакистан про­винциясы) Пакистанга (калкынын 98% бенгалдар) өтөт. Чыгыш Пакистандагы чечилбеген улуттук маселелер бир нече ирет (1952, 1954, 1958) саясий кризистерди пайда кылып, 1969-жылы Айюб Хандын режиминин кулашына себепкер болгон. Анын ордуна өкмөт башына келген Яхья Хандын тушунда өткөрүлгөн парламент­тик шайлоодо Чыгыш Пакистанга автономия берүү маселесин көтөргөн Элдик Лига партиясы жеңип чыгып, Пакистандын парламентиндеги 313 орундун 167сине, провинциялык ассамблея­дагы 310 орундун 288ине ээ болду. Бирок Пакистан өкмөтүнүн бул партияга бийликти берүүгө каршы болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү жагдай татаалдашып, узакка созулган та­лаш-тартыштын натыйжасында 1971-жылы өз алдынча Бангладеш Эл Республикасы түзүлгөн. 1971-жылы 26-март көз каранды эместик күнү деп жарыяланган. 1972-жылы январда Элдик Лига партиясынын башчысы Мужибур Рахман түр­мөдөн чыгып, жаңы түзүлгөн өкмөттү жетек­теген. Өлкөдөгү жумушсуздук, баанын өсүшү, куралдуу күчтөрдүн катарындагы нааразычы­лыктар саясий-экономикалык абалды татаалдаштырып, бир нече ирет аскердик төңкөрүштөргө алып келген (көз каранды эместикке жетишкенден тартып Бангладеште 13 президент алмашкан). 1996-жыл­дан аткаруу бийлигин коалициялык өкмөт же­тектөөдө, ал эми октябрдагы шайлоодо Шаха­буддин Ахмед жеңип чыккан.

Чарбасы. Бангладеш - дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына кирет. Ички дүң продукциясынын көлөмү 275,7 млрд доллар (АКШ; киши башына 2000 долларга жакын). Анда 51,7%ти тейлөө чөйрөсү, 27,1%ти өнөр жайы, 21,2%ти айыл чарбасы түзөт. 20-кылымдын аягында 21-кылымдын башында экономикасы туруктуу болуп тез темп м-н өнүгө баштады. 2004-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 6,5%ти түзгөн. Бенгал булуңунун шельфинде, ошондой эле чыгыш райондорунда жаратылыш газы (9,9 млрд м3, 2001) ж-а нефть (жылына 200 миң т) казылып алынат. 2002-жылы 16,5 млрд кВт• с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 90%тен ашыгы ЖЭСтен (эң ири ЖЭС СССРдин жарда­мы м-н Горасалда курулган) өндүрүлгөн. Кар­напхули дарыясында ГЭС каскады бар. Эң ири текстиль өндүрүшү (кебез-кездеме жиби ж-а мата) бар. 100дөн ашык ири фабрика импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Өндүрүлгөн матанын бир бөлүгү сыртка чыгарылат. Кебез-кездеменин көп­чүлүк бөлүгү кол м-н токулат (млндон ашык адам эмгектенет). Сыртка чыгарылган товар түшкөн кирешенин 3/4 бөлүгүн түзөт. Кийим-ке­чек, трикотаж чыгаруучу ири компаниялар иштейт. Бангладеш - жут өндүрүү ж-а андан буюм жасоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда (Индия м-н катар). Жылына 80 миң т жут жиби (дүйнөлүк экспорттун 70%) сыртка чыгарылат. Тамак-аш (чай, жылына 54 миң т; кант 123-170 миң т; өсүмдүк майы), химия (мочевина - жылына 2,3 млн т, жер семирткич, пестицид), нефть ажыра­туу (Читтагонг, жылына 1,5 млн т), металлургия, электр-техника, фармацевтика, резина-техника өнөр жайлары; кеме ремонттоочу док, кеме кый­мылдаткычын чыгаруучу, автомобиль чогул­туучу, цемент заводдору, кагаз комбинаты, куру­луш индустриясы иштейт. Башкы өнөр жай бор­борлору: Дакка (Нараянганж шаары м-н), Читтагонг, Кхулна. Кол өнөрчүлүк (булгаары, карапа ж. б.) өнүккөн.

Өлкөнүн аймагынын 60%тен ашыгы айыл чарбасында иштетилет. Майда дыйкан чарбалары басымдуу. Айдоо аянтынын 70%ке жакынын шалы