БАНДИТЧИЛИК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАНДИТЧИЛИК (итальянча banditio – баш кесер) – коомдун коопсуздугуна каршы багытталган коркунучтуу кылмыш. Бир нече кишиден турган атайын уюмдашкан куралчан туруктуу топ б а н д а деп аталат. Андай топтордун коомдук мекемелерге, ишканаларга же айрым адамдарга кол салуулары бандитчилик кылмышына жатат. Мындай аракеттери үчүн кылмышкерлер 16 жаштан баштап жоопко тартылат.
К. Курманов, К. Бодобаев.