БАНК КАПИТАЛЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БАНК КАПИТАЛЫ – барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНК КАПИТАЛЫ – банктын акча каражаттарынан жыйналган капиталы. Ал банктын менчик капиталынан, элдин аманатка салган акчасынын белгилүү үлүшүнөн жана банктагы убактылуу бош акчалардан түзүлөт. Банк капиталынан өнөр жайга кредит берилет. Мында капитал ээси тиешелүү пайда алат. Банк капиталы адегенде өнөр жай капиталы менен кредит аркылуу гана байланышып келсе‚ кийин бул өнөр жай капиталы менен биригүүнүн натыйжасында финансы капиталын пайда кылган.