БАНОЛЛО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНО́ЛЛО – цирк оюну. Гимнасттар турникте аткарат. Баноллону алгач аткарган италиялык артист Баноллонун атынан аталып калган. Кол менен толук айланып («күн»), турниктин биринен экинчисине учуу; абада 180° тигинен айлануу ж. б. түрлөрү бар.