БАНТУЛАР
БАНТУЛАР – Түштүк Африкада жашаган элдердин тобу. Жалпы саны 200 млн адам (2020). Бантулар бир нече этностук топко (руанда, макуа, конго, шона, рунди, малави, зулу, коса, луба, кикуйю ж. б.) бөлүнүп, Африканын аймагындагы Сахаранын түштүгүндө жашашат. Бенуэ-конго тобундагы банту тилинде сүйлөшөт. Дини – христиан жана мусулман-сунниттер. Лингвисттердин жана археологдордун божомолдоруна караганда азыркы Бантулардын ата-бабалары Камерун аймактарындагы тропиктик токой зонасында жашаган байыркы элдерден. Миграция мезгилинде Бантулар жергиликтүү элдер – аӊчылар жана жыйноочулар (токой зонасындагы пигмейлер, Чыгыш жана Түштүк-Батыш Африканын саванналарындагы койсан элдеринин ата-бабалары) менен ассимиляцияланган. Миграция айрым топтордо 19-кылымдын ортосуна чейин улантылган. Бантулар дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишкен. 19-кылымда пил сөөгүнө талаптар көбөйгөндүгүнө байланыштуу аӊчылык, мындан тышкары токой балчылыгы да кошумча кесип катары маанилүү роль ойногон. Алар колониялаштыруу мезгилине чейин эле металл (жез, темир, алтын ж. б.) эритүүнү, иштетүүнү билишкен жана жыгачтан, сөөктөн буюмдарды көркөмдөп жасашкан. Дубалы сокмо ыкмасы менен тургузулуп, сырты ылай шыбак, чатыры пальма жалбырактары менен жабылган, айрым жерлерде төрт бурчтуу салынган үйлөрдө жашашкан. Кийим ордуна Бантулар белден ылдый тери же жазы жалбырактарды жамынышкан. 19-кылымдан баштап Бантуларда европалык үлгүдөгү кийимдер кеӊири тараган.
Ш. Керимова
