БАНЬ ГУ
БАНЬ ГУ, Б а н М э н Ц з я н ь (б. з. 32, Кытай, Фуфэн [азыркы Шэньси провинциясы, Сяньян шаары], Хан империясы – 92, Хэнань провинциясы, Лоян) – кытай тарыхчысы; «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» («Цянь Хань Шу») аттуу тарыхый эмгектин автору. Алгач Чанъандагы (азыркы Сиань) Тайсюэ академиясынан билим алган. Император Мин-ди (57–75) Бань Гуну өзүнүн китепканасына катчы (линши) кылып дайындаган. Ал бул жерде Чэнь Цзун, Инь Мин, Мэн И менен бирдикте «Династияны негиздөөчүлөр тууралуу башкы баян» («Шицзу бэньцзи») аттуу хрониканы түзгөн. Император Чжан-ди (75–88) аны тез-тез чакыртып, үн чыгара китеп окуткан жана ага «сырдуу китептерди» (ми шу) окугандардын үстүнөн карай турган кызматка дайындаган. Ээлигин кыдырууга чыкканда император Бань Гуну жанына ала жүргөн, ошондой эле гунндар (хунн, сюнну) урууларына байланыштуу саясий талкууларга катыштырган. 89-жылы император Хэ-ди (88–106) гунндарга каршы аскер башчысы Доу Сянды жүрүшкө аттандырып, Бань Гуну башкы сакчылыкка (чжун-хуцзюнь) бекиткен. 92-жылы Доу Сянга императорго каршы дуба окуган деген шылтоо менен кызматтан алынып, өз жанын кыйган жана үй-бүлөсү, бир туугандары өлүм жазасына тартылган. Натыйжада Бань Гуга өч болуп жүргөн сарай кызматчыларынын бири аны Доу Сянга байланыштырып ушак тараткан. Ага ишенген император Бань Гуну түрмөгө каматкан. Ал бир жылга жетпей көз жумган. Бань Гу ар бир династиянын тарыхын өз-өзүнчө баяндаган жаңы тарыхый жанрга (дуань-дай ши) жол салган жана анын башкы чыгармасы алгач «Хань тарыхы» («Хань шу») деп аталып, 1034–1037-жылдардагы басмадан «Байыркы Хань династиясынын тарыхы» («Цянь Хань Шу») деген аталышта жарык көргөн. Анда Хань династиясынын 1-императору Лю Бандан (б. з. ч. 256 же 247 – б. з. ч. 195-жылдар) император Ван Манга (б. з. ч. 45 – б. з. 23-жылдары) чейинки 230 жылдай мезгил камтылган.
Ад.: Синицын Е. П. Бань Гу – историк древнего Китая. М., 1975; Древнекитайская философия. Эпоха Хань. М., 1990.
О. Каратаев.