БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАР-БУЛАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – жер астынан бургуланып чыгарылган, дарылык касиети бар жылуу суу. Ысык-Көл облусунун Тоӊ районунда, Балыкчы шаарынан 45 км чыгышта, Бар-Булак кыштагынан 2,5 км түндүк-чыгыш тарапта, Ысык-Көлдүн жээгинен 600 м аралыкта, деӊиз деӊгээлинен 1653,53 м бийиктикте. Суу 1979-жылы бургулоо көзөнөгүнөн 1100 м тереӊдиктен чыгарылган. Суу чыккан жерде антропогендин борпоӊ кум-топурагы, палеоген-неогендин кумдук, чопо, алевролит, палеозойдун кумдук, алевролит тоо тектери жатат. Минералдуу суу палеозойдун кумдук жана алевролит тоо тектериндеги тектоникалык жаракаларда топтолуп, бургулоо көзөнөгүнөн агып чыгат. Суу жытсыз, тунук, саал кычкыл даамы бар, темппературасы 44°С, чыгымы 2,5 л/с, минералдануусу 4,0–4,7 г/л. Химиялык курамы боюнча сульфат-хлорит-кальций-натрийлүү, газдардан азот басымдуу (88–90%), эринди түрүндө 4,2% көмүр кычкыл газы, 1,5% гелий кезигет. Микрокомпоненттерден жез, коргошун, цинк, фтор, мышьяк, молибден, никель, бром ж. б. элементтер бар. Бар-Булак минералдуу суусу дарылык касиети боюнча белгилүү «Славян», «Смирнов» минералдуу сууларына окшошуп кетет. Боор, өт жана ашказан ооруларын ичүү, нерв, муун, гинекология, тери жана тиш ооруларын сууга түшүү жолу менен дарыласа болот. Запасы В категориясы боюнча суткасына 0,216 миӊ м3. Жергиликтүү эл пайдаланат.