БАРАБА ОЙДУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРА́БА ОЙДУӉУ , Б а р а б а - Т а л а а с ы Россияда, Батыш Сибирдин түштүгүндө, Иртыш жана Обь дарыяларынын аралыгында жайгашкан. Түштүгүндө Кулунду түздүгүнө өтөт. Күдүрлүү түздүк (бийиктиги 150 мге чейин); ага жарыш, бийик жалчалар созулуп жатат. Кайыӊ токою (түндүгүндө), саз жана шалбаалуу талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Оёӊ жерлеринде 2000ден ашык тузсуз жана туздуу көлдөрү (ирилери: Чаны, Тандово, Сартлан) бар. Батыш Сибирдин сүт багытындагы мал чарбасы жана дыйканчылык өнүккөн эӊ маанилүү аймагынын бири.