БАРАБАН музыкалык аспабы

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРАБА́Н (англисче drum) м у з ы к а д а – урма музыкалык аспап. Ичи көӊдөй, тегерек формада жасалып, бир же эки бети тери менен капталат. Барабан байыркы убакта кабар берүүчү аспап катары да колдонулуп, бийди, жүрүштөрдү, диний ырым-жырымдарды коштогон. Дүйнө элдеринде кеӊири тараган. Айрыкча Африка өлкөлөрүндө жашаган калктардын элдик музыкасында чоӊ мааниге ээ. Үйлөмө аспаптар менен симфониялык оркестрлерде Барабандын өркүндөтүлгөн түрлөрү колдонулат.