БАРБАДОС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БАРБАДОС – барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРБА́ДОС – Вест-Индиядагы мамлекет. Кичи Антил аралдарына кирген Барбадос аралында жайгашкан. Аянты 431 км2. Калкы 294 миӊ (2021). Борбору – Брижтаун шаары. Мамлекеттик тили – англис тили. Административдик-аймактык жактан 11 районго бөлүнөт. Акча бирдиги – Барбадос доллары. БУУнун, Эл аралык валюта фондунун, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо, Эл аралык эмгекти бөлүштүрүү уюмдарынын мүчөсү.
Барбадос – унитардык мамлекет. Шериктештик курамына кирет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Мамлекет башчысы – Улуу Британия королевасы, анын милдетин жергиликтүү өкүл – генерал-губернатор аткарат. Аткаруу бийлиги премьер-министр жетектеген өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Жыйындар палатасы жана Сенат). Негизги саясий партиялары: Демократиялык Лейборист партиясы, Барбадос лейборист партиясы.

Жеринин бети түздүктүү. Арал шуру (коралл) рифтери менен курчалып, борбордук бөлүгүн карай тектирчеленип көтөрүлөт; эӊ бийик жери 340 м (Хиллаби тоосу). Климаты тропиктик пассаттык. Айлык орточо температурасы 27°С. Жылдык жаан-чачыны 1400 мм. Топурагы күрөӊ, кызыл, тропик өсүмдүктөрү өсөт.
Калкынын 87–92%ин вест-индиялык негрлер түзөт. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 602,4 киши. Христиан [протестанттар (англикандар) 67%, католиктер 4%] динин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 74,5, аялдарыныкы – 79,5 жаш. Шаар калкы 52,9% (2005). Ири шаары – Брижтаун.
Аралды байыртадан эле индейлердин аравак жана карибы уруулары мекендеген. 1518-жылы аралдагы жыш дарактарга жармашып өскөн эпифиттерди сакалга окшоштуруп, аны Барбадос (испанча barbado – сакалдуу, түктүү) деп аташкан. 1625-жылдан англичандар алгачкы колониясын түптөшүп, 1628-жылы Брижтаун шаарын негиздеген. 17-кылымдын 30-жылынан бал камыш плантацияларына иштетүү үчүн Африкадан кулдарды алып келе башташкан. 1640-жылы Барбадостун калкы 37 миӊ

Барбадостун деӊиз жак жээги.

европалыктан жана 6 миӊ негрден турса, 1786-жылы европалыктардын саны 15 миӊге чейин кыскарып, негр калкы 62 миӊге өскөн. 1838-жылы кулчулук жоюлган. 1876-жылы беш аралдан турган өз алдынча федерациялык мамлекетти куруу аракети ийгиликсиз аяктаган. 20-кылымдын 30-жылдарында улуттук-боштондук кыймыл кайрадан күч алган. 1939–45-жылдары Барбадосто алгачкы саясий партиялар түзүлүп, алар аралга көз каранды эместикти берүү талабы менен чыгышкан. 1950-жылы жалпыга бирдей шайлоо укугу киргизилген. 1958–62-жылдары улуттук-боштондук кыймылынын жогорулашын токтотуу үчүн Улуу Британия түзгөн Вест-Индия федерациясына киргизилген. 1961-жылы Барбадос өзүн-өзү башкаруу укугун алган. 1966-жылы 30-ноябрда Британ Шериктештигинин алкагында көз карандысыздык берилген. 1968-жылы Барбадос Кариб эркин соода ассоциациясын (КАРИФТА) түзүүгө катышкан, анын базасында 1973-жылы Кариб коомчулугу жана Кариб жалпы рыногу (КАРИКОМ) пайда болгон. Ушул уюмдарга мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы бажы тоскоолдуктарын жоюп, башка өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга бирдиктүү пошлиналарды (алымдар) белгилеген. 1995-жылы Барбадос Кариб өлкөлөрүнүн ассоциациясына кошулган, анын максаты ири аймактык эркин соода зонасын түзүү деп жарыяланган. Аралда эки партиялуу система түзүлгөн: Демократиялык лейбористтик партиясы (ДЛП) жана Барбадос лейбористтик пар­тиясы (БЛП). 1961–76-жылдары өлкөнү Э. В. Барроу (ДЛП), 1976–85-жылдары Дж. Адамс (БЛП), 1986–94-жылдары Барроу, 1987-жылдан Л. Э. Сэндифорд (ДЛП), 1994–2008-жылдары Оуэн Артур (БЛП), 2008-жылы бийликке Демократиялык лейбористтер партиясы (ДЛП) келип, аны Д. Томпон, 2010-жылдан Ф. Стюарт (ДЛП) жетектеген. 1966-жылдан БУУга мүчө.
Барбадос – агрардык өлкө. Экономикасынын негизин кант өндүрүү жана туризм (жылына 0,5 млн) түзөт. Ички дүӊ продукциясында айыл чарбасынын үлүшү 4,2% (2001), өнөр жайыныкы 7,1%. Ички улуттук продукциясы 4,57 млрд долларды түзөт (2004). Аны киши башына бөлүштүргөндө 7100 доллардан (АКШ) туура келет. 2002-жылы 860 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Аймагынын 70%инен ашыгы айыл чарбасына пайдаланылат. Негизги өсүмдүгү – бал камыш. Багбанчылык өнүккөн. Тропик жемиштери (манго, авокадо, гуаява), цитрус өсүмдүктөрү ж. б. өстүрүлөт. Мал чарбасында көбүнчө кой, эчки, чочко асыралат. Жаратылыш газы жана нефть казылып алынат. Кант, тамак-аш-татымал (ром, тамеки, консерва), текстиль өнөр жайлары иштейт. Балык кармалат. Автомобиль жолунун узундугу 1,6 миӊ км. Темир жолу жок. Сыртка кант, мелласа, шире, ром, химиялык өнөр жай продукциялары, электр аппаратура компоненттери жөнөтүлөт. Сырттан автомобиль, транспорт, курулуш материалдарын, оор машина куруу жабдууларын, отун жана азык-түлүк алат. Негизги соода шериктештери: АКШ, Улуу Британия, Ямайка, Япония, Тринидад жана Тобаго.
Жазма адабияты 20-кылымдын 40-жылдарында англис тилинде өнүгө баштаган. Поэзиясында вест-индиялык мотивдер күчтүү. Э. К. Брэйтуэйт, П. Блэкмен, Х. А. Воан, Ж. Дрейтон, Ф. Э. Коллимор ж. б. акындардын көлөмдүү ыр жыйнактары, ошондой эле Ж. Лемминг, К. Сили, Э. Уолкотт, К. М. Хоуптун повесть, романдары дүйнө жүзүнө белгилүү болгон. 1940–50-жылдары расалык дискриминация, адам укугу жана эмигранттардын оор турмушу негизги темалардан болгон. Театр, кино, архитектурасы да кийинки жылдары өнүгүүдө. Барбадостун эл агартуу системасы Англияныкына окшош. Балдардын баары дээрлик окушат. Брижтуанда бир нече ЖОЖ, жалпы элдик китепкана (1847), Жеймс-Хаус тарых музейи (1835, ошондой эле анын алдында илимий-тарыхый коом уюшулган), Барбадос галереялык искусствосу (1996), обсерватория (1963), Барбадос музейи жана тарых коому (1933-жылы негизделген), деӊиз флоту музейи бар. Ошондой эле аравактар менен карибдердин байыркы маданияты сакталып калган. 19-кылымдын башында искусство коому негизделген. 1950-жылдары туризмдин өсүшүнө байланыштуу георгиан стилиндеги бир нече имарат салынган (мисалы, Санди-Лейн мейманканасы, архитектору Р. Уорд). 1950–60-жылдары англиялык белгилүү дизайнер О. Месселдин чыгармачылыгын таланттуу мастерлер: Х. Акуилар, А. Хассельквист, Р. Томпсон, И. Моррисон ж. б. андан ары улантышкан. Салттуу карапа өндүрүшү Чоки-Маунт жана Тернерс-Холлдо өнүккөн. К. Рассел, У. Хардинг, Б. Грейс, Рас Аким Рамси карапа буюмдарын байытышкан. Кол өнөрчүлүгүндө америкалык индейлердин салттуу мотивдери сакталган. Жыл сайын «Холдерс-сизон» музыкалык-театрлаштырылган фестивалы жана жаз фестивалы өткөрүлүп турат.

Барбадос акчасы.