БАРКАРОЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРКАРО́ЛА (итал. barka – кайык) – 1) венеция гондольерлеринин ырларынын баштапкы аты. Кийин кайыкта сейилдеп ырдагандагы ырлардын баары Баркарола деп аталган; 2) лирикалык сезимтал обондуу, суунун толкунун сүрөттөгөн коштоосу бар романс же фортепьяно үчүн жазылган чыгарма. XVIII кылымдан Баркарола профессионалдык музыка жанры катары кеӊири тараган. Ф. Шуберт, М. И. Глинка, Ф. Шопен, П. И. Чайковский жfана башка композиторлордун чыгармачылыгында жана италян-француз операларында кездешет.