БАРОМЕТР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРО́МЕТР (гр. bаros – оордук, салмак, metre o – өлчөйм) – атмосфералык басымды өлчөөчү курал. Иштөө принциби боюнча суюктуктуу барометр, деформациялык барометр, гипсотермометрлер болуп бөлүнөт. Практикада көбүнчө атмосфералык басымды катыш идиштердеги суюктук мамычасынын салмагы менен теӊештирүү принцибине негизделген сымап б арометрлери пайдаланылат. Ал 2 туташ ичке айнек түтүкчөдөн турган катыш идиш. Түтүктүн биринин узундугу 90 смге жакын, жогору жагы туюк. Экинчиси кыска, учу ачык, бир аз кеӊейип кетет. Түтүктүн туюк жагынан абасыз бөлүк (вакуум) калтырылып, идишке сымап куюлат. Түтүктүн ачык жагындагы сымаптын бетине болгон атмосфералык басымдын таасиринен жана анын өзгөрүшүнөн туюк түтүктөгү сымап мамычасы көтөрүлүп же төмөн түшүп турат. Атмосфералык басымдын өлчөмү түтүктөгү сымап мамычасынын бийиктиги боюнча аныкталып, мм сым. мам. же мбар менен туюнтулат. Катыш идиштердин формаларына карай сымап Барометрлери чөйчөкчөлүү, сифондуу жана сифон-чөйчөкчөлүү болот (к. сүрөт).

1. Сымаптуу барометрдин түрлөрү: а – чөйчөкчөлүү;
б – сифондуу; в – сифон-чөйчөкчөлүү. 2. Станциялык чөйчөкчөлүү барометр