БАРСКАН – темирчилик устаканасында колдонулуучу чоӊ балка. Темирден төрт чарчы көлөмдө жасалып, жыгач сап сапталат. Элибизде «Балкачынын миӊ урганы – барсканчынын бир урганы» деп айтылгандай, Барскан устачылыкта темирди ийге ылдам келтире алгандыгы менен балкадан айырмаланат.