БАРУЗДИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРУ́ЗДИН Юрий Дмитриевич (1926, Ленинград облусу, Красный Холм кыштагы – 1963, Фрунзе) – археолог; Ош облусунун байыркы тарыхын изилдөө боюнча археологиялык экспедициялардын уюштуруучусу жана жетекчиси (1952–1962). 1952-жылы Ленинград мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1952–1956-жылдары Ош край таануу музейинин илимий кызматкери, 1957-жылдан Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун илимий кызматкери болуп иштеген. Алай жана Баткен аймагындагы археологиялык эстеликтерди изилдеген. Биздин замандын 1–5-кылымдарына таандык Кара-Булак (Баткен району) жана башка көрүстөндөрдөн өтө сейрек кездешүүчү мумияланган сөөк коюлган бейиттерди, кооздук буюмдар, курал-жарактар, жүндөн, жибектен токулган кездемелер табууга катышкан, ошондой эле Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынын жанынан жана Алай өрөөнүндөгү Кара-Бейиттен байыркы рун жазма эстеликтерин ачкан. «Кара-Булак бейити» (1954), «Кара-Булак бейитинен табылган колодон жасалган аялдын статуэткасы» (1961) жана башка эмгектеринде археологиялык негиздүү маселелерди чагылдырган.
Д. Ф. Винник.