БАС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАС (итал. basso – төмөнкү) – 1) эркектердин эӊ жоон үнү. Жогорку жана төмөнкү Бас деп бөлүнөт; 2) көп үндүү музыкалык чыгармалардагы эӊ төмөнкү партия; 3) төмөнкү регистрдеги музыкалык аспаптар – туба-бас, контрабас, Бас-кыяк, Бас-комуз ж. б.; 4) аккорддун төмөнкү үнү.