БАСКАКОВ
БАСКА́КОВ Николай Александрович (22. 3. 1905 – 26. 8. 1996, Москва) – түрколог, этнограф, филология илимдеринин доктору, профессору (1950). РФ, Казакстан, Түркмөнстан, Каракалпакстан ж. б. өлкөлөрдүн илимдерине эмгек сиӊирген ишмер, Түрк тил курумунун (Анкара) жана Урал-Алтай коомунун ардактуу мүчөсү. Москва университетин бүтүргөн (1930). Түрк тилдеринин фонетикасын, морфологиясын, синтаксисин, лексикасын, тарыхын, байыркы эстеликтерин изилдөөгө арналган 300дөн ашуун фундаменталдуу эмгектери бар. «Ногой тили жана диалектилери», «Каракалпак тили», «Алтай тили», «Түрк тилдери» «Түркологияга киришүү» сыяктуу эмгектери кеӊири белгилүү. Казак, каракалпак, ногой, алтай, хакас ж. б. түрк тилдери боюнча окуу китептери бар, карайым тилинин жана славян тилдериндеги түркизмдер сөздүктөрүн түзгөн.
Ад.: Юлдашев А. А., Тенишев Э. Р. Николай Александрович Баскаков. (К 65-летию со дня рождения) // «Советская тюркология». 1970. ¹ 1.