БАСМА ИШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСМА ИШИ – китеп, гезит, журнал, альманах, альбом, нота, жыл баян, буклет ж. б. басууга даярдоочу, басып чыгаруучу жана аларды керектөөчүлөргө жеткирүүнү уюштуруучу маданий-өндүрүштүк тармак. Чыгарган продукциясынын түрүнө карата китеп, гезит-журнал ж.б. басуу жана тандап алган багытына жараша илимий, окуу педагогикалык куралдарды, көркөм адабият, анын ичинен балдар адабияты, маалыматнама басылма басуу болуп бөлүнөт. Кол жазма түрүндөгү алгачкы басылмалар үчүн жыгачтын кабыгы, теринин бети пайдаланылган, кийинчерээк кагазга көчүрүлүп түшүрүлгөн. Китеп өнөрү менен алектенген (көчүрмөчү, сүрөтчү, калыптоочу, нускоочу) адистер топтошуп, басма уюмун түзө баштаган. Жыгачтан оюлган калып менен китепти көбөйтүп басуу жумуштары 8–9-кылымдарда Кытайда ишке ашырылып, «Жакут сутра» аттуу алгачкы китеп басылган. Байыркы Египеттин (б. з. ч. 25-кылым) папирус түргөктөрү китеп чыгаруунун алгачкы жана жөнөкөй үлгүсү болгон. Ал жазуу үчүн материал катары б. з. ч. 5-кылымда Грекияга, кийин Римге өткөн. Биринчи эӊ жөнөкөй Басма иши 9-кылымда калыптанып, ал тамгаларды жыгач тактайга оюлуп жасалган калыптардан кагазга көчүрүп түшүрүү жолу менен башталган. Кийин чопо, коло ж. б. металлдардын аралашмасынан даярдалган куйма ариптер пайда болгон. 14-кылымда куйма ариптерди пайдаланган басмаканалар пайда болгон. Ал эми Европада Басма иши 15-кылымда башталган. Европадагы эӊ алгачкы Басма ишине немец ойлоп табуучусу Иоганн Гутенберг негиз салган. Ал 1445-жылы жыгачтан жөнөкөй басма станогун жасап, андан саатына 100 тамга терүү менен, 42 саптан турган эӊ биринчи китеп – латын библиясын басып чыгаруу менен, полиграфия өндүрүшүнө жол ачкан. Россияда биринчи басмакана 1564-жылы ачылган. Аны туӊгуч орус китеп чыгаруучулары Иван Фёдоров менен Пётр Мстиславец башкарып, алгачкы орус китеби «Апостолду» басып чыгарган. 16–17-кылымдарда Франция, Германия, Венеция, Нидерланд ж. б. Европа өлкөлөрүндө көптөгөн жеке менчик басмалар иштей баштаган. 18–19-кылымдарда басма менен басмакана иши биригип, китеп чыгаруу ыкчам өсүп, тамга жана сап куюучу терүү машиналары, тез басуучу басма аспаптары, фотоцинкография, фототерүү ж. б. ыкмалар ойлонуп табылган. Полиграфиялык машина куруу заводдору, ондогон жаӊы басмаканалар ишке киргизилип, илимий-изилдөө жана полиграфиялык окуу жайлары ачылган. Кыргыз тилиндеги эӊ алгачкы басылган тексттер 19-кылымдын экинчи жарымында пайда болгон, 1861-жылы «Манас» эпосунун айрым бөлүмдөрү В. Радлов, Ч. Валиханов, Д. Алмаши тарабынан китеп тексти катары өзүнчө басып чыгарылган. И. Арабаевдин демилгеси менен Молдо Кылычтын «Кысса Зилзаласы» (1911) Казань шаарындагы басмаканадан жарык көргөн. 1885-жылы Лейпцигден басылган В. Радловдун «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү» китебинде бир нече кошоктордун кыргызча тексттери берилген. И. Арабаев менен Х. Сарсекеевдин кыргыз, казак балдары үчүн «Алип-бе жаки төтө окуу» аттуу туӊгуч окуу китеби (1911, Уфа), И. Арабаевдин «Жазуу өрнөктөрү»: сулуу жазуунун үлгүлөрү (1912, Оренбург), О. Сыдыковдун кыргыздын санжыра-тарыхы жөнүндөгү «Муктасар тарых Кыргызия» (1913), «Тарых кыргыз Шадмания» (1914, Уфа) китептери жарык көргөн. Бул басылмалар кыргыз китеп басуу ишиндеги алгачкы кадамдар катары бааланат. 1924-жылы туӊгуч кыргыз алфавити түзүлүп, Түркстан эл агартуу комиссариатынын Кара кыргыз илим комиссиясынын чечими менен И. Арабаевдин «Алиппе», К. Тыныстановдун 1-баскычтагы класстар үчүн «Окуу китеби» Ташкенттен басылып чыккан. Булар кыргыз элинин сабатсыздыгын жоюу максатында Совет доорунда жарык көргөн алгачкы окуу китептери катары тарыхка кирди жана китеп басып чыгаруу ишинин алгачкы тажрыйбасы катары бааланат. 1925-жылы Тоголок Молдонун «Насыят», К. Тыныстановдун «Касым ырларынын жыйнагы», Молдо Кылычтын «Буудайык», Боогачынын «Секетбай» ж. б. чыгармалары Москвадан жарык көргөн. Ушул эле жылы Россиядагы 1-революциянын 20 жылдыгына карата партиянын Кыргыз облустук комитетинин атайын тапшыруусу менен К. Тыныстанов тарабынан кыргызчаланган «Өзгөрүш ырлары» аттуу ырлар жыйнагы басылган жана ал кыргыз жазма адабият тарыхындагы 1-котормо басылма катары бааланат. К. Баялинов менен З. Лилинанын «Ленин биздин окутуучубуз» аттуу жана Пишпектин басмаканасынан 8 китеп жарык көргөн. Москва, Ташкент, Пишпек шаарларынан чыгарылган китептердин саны 30га жетип, алардын жалпы нускасы 100 миӊди түзгөн. Бул Кыргызстандагы Басма ишин уюштурууга ишенимдүү негиз түзүп, 1926-жылы 24-январда Кыргыз мамлеккеттик басма башкармалыгынын 1-жыйынында «Кыргызмамбас» негизделген. Алгачкы жылы 26 наамдагы китеп чыгарылып, жалпы нускасы 65 миӊ 700 болгон. 1925–26-жылдары негизинен көркөм адабият, окуу куралдары, саясый жана таалим-тарбиялык маанидеги басылмалар жарык көргөн. Бул чыгармалар элдин кат-сабатын ачууда, билим жана таалим-тарбия берүүдө, агартуу иштерин жүргүзүүдө баа жеткис акыл азыгы катары кызмат өтөгөн. Мындай басылмаларды чыгарууда Москванын китеп басмалары да маанилүү роль ойногон. 1926-жылы февралда Москвада СССР элдеринин борбордук басмасында кыргыз бөлүмү түзүлүп, ал узак жылдар бою кыргыз китептерин чыгарып турган жана анда К. Баялинов, У. Абдукаимов, З. Бектенов, А. Токомбаев өӊдүү белгилүү адамдар эмгектенишкен. Кыргыз акындарынын Т. Жолдошев түзгөн «Кызыл гүл» аттуу ырлар жыйнагы 1927-жылы Москвадан 2 миӊ нускада жарык көргөн. Аталган жыйнакка С. Карачев, О. Ысабеков, Ш. Көкөнов, Б. Кененсариев, Б. Калпаков, К. Баялинов, А. Токомбаев ж. б. таланттуу акындардын ырлары кирген. Ал эми Кыргызстандын өзүндө 1927–28-жылдары К. Тыныстановдун «Окуу-жазуу бил», «Эне тили», К. Карасаевдин «Сабат ачкыч» жана И. Арабаев менен бирдикте чоӊдор үчүн «Жаӊылык» деген окуу китептери, А. Токомбаевдин «Ленин тууралуу» ырлар жыйнагы, К. Баялиновдун «Түлкү менен суур», «Чабалекей менен жылан» сыяктуу балдарга арналып жазылган китептери жаӊы латын ариби менен басып чыгарылган. 1928–30-жылдары китеп чыгаруу ишинин техникалык-өндүрүштүк негизи кеӊейип, басылмаларды сапаттуу чыгаруу иши жолго коюлган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармалары чет тилдерде да жарык көрө баштаган. Мисалы К. Баялиновдун «Ажар» повести француз, англис жана немец тилдеринде жарык көргөн. 1934-жылы гезит-журнал басууга адистешкен «Кызыл Кыргызстан» басмасы түзүлүп, кийин ал «Ала-Тоо» (1964) басмасына айланган. Анда 1972-жылга чейин Кыргызстанда даярдалган бардык гезит-журналдар, кийин адабият жана агартуу тармагын камтыган «Ала-Тоо», «Литературный Кыргызстан», «Ден соолук» журналдары, «Кыргызстан маданияты» жумалыгы, «Мугалимдер газетасы» сыяктуу гезит-журналдар басылып турган. «Кыргызмамбастан» адистешкен басмалар өсүп чыга баштаган, башкача айткканда «Кыргызмамбастын» мектептер үчүн окуу китептерин, окуу куралдарын басмага даярдоочу бөлүмүнүн негизинде «Мектеп» басмасы түзүлгөн (1953). Ал мектептер жана мектепке чейинки мекемелер, орто жана жогорку окуу жайлары үчүн окуу китептерин, педагогдор үчүн методикалык басылмаларды, балдар жана өспүрүмдөр үчүн таалим-тарбиялык мүнөздөгү көркөм адабият жана котормо китептерди чыгарып турган. Басып чыгарууга республикадагы тажрыйбалуу методисттер, мыкты мугалимдер, жогорку окуу жайынын окутуучулары, илим жана басма кызматкерлери, сүрөтчүлөр катышып, окурмандардын татыктуу билим алуусуна салым кошушкан. 1964-жылы «Кыргызмамбас» саясий, социалдык-экономикалык, өндүрүштүк-техникалык, илимий-популярдуу жана көркөм адабияттарды чыгарууга адистештирилген «Кыргызстан» басмасы болуп кайра түзүлгөн. Республикадагы илимий басылмаларды чыгарууну жакшыртуу максатында адистештирилген «Илим» басмасы негизделип (1955), анда Кыргызстандагы илимдин бардык багыттары боюнча Кыргыз ССР ИАнын институттарынын илимий кеӊештери тарабынан басууга сунуш кылынган китептер жарыкка чыгып турган. 1968-жылы Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы түзүлгөн. 1976–82-жылдары кыргыз тарыхында 1-жолку улуттук-универсал «Кыргыз Совет Энциклопедиясынын» 6 томдугу (алфавиттик негизде), орус ж-а кыргыз тилдеринде «Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы» аттуу илимий жалпылоо мүнөздөгү энциклопедиянын атайын бир томдугу жарык көргөн. 4 томдон турган «Советтик энциклопедиялык сөздүк», Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгү» жана бир катар предметтер боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү басылган. Эгемендикке ээ болгондон кийин «Манас» энциклопедиясынын эки томдугу (1995), «Кыргызча-орусча сөздүк», «Физика», «Химия», «Математика», «Айыл чарба» сыяктуу тармактык энциклопедиялар, Кыргызстандын облустарына жана Фрунзе шаарына арналган «Ош», «Ысык-Көл», «Чүй», «Талас», «Нарын», «Фрунзе» региондук энциклопедиялары чыгарылган. 1999-жылы 12-февралда Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясынын функциясын кеӊейтүү жана статусун көтөрүү, ошону менен бирге кыргыз тилин өнүктүрүүнүн практикалык зарыл маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору болуп кайрадан түзүлүп, мамлекеттик тилге түздөн-түз тиешелүү окуу куралдары, «Кыргыз темир жолу», «Кыргыз милициясы», «Жалал-Абад» сыяктуу тармактык, региондук энциклопедиялар, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөр, илим тармактары боюнча терминдердин түшүндүрмө сөздүктөрү, «Кыргызстан» аттуу энциклопедиянын обзордук тому эки тилде (кыргызча орусча) басылып чыккан. Кыргызстандын Басма ишинин өнүгүшүндө ММКларынын, башкача айтканда гезит-журналдардын чыгып туруусу да маанилүү болгон. Райондук, облустук, республикалык гезиттер чыгарылып, басмаканалары иштеген. 1983-жылы Кыргызстанда 11 журнал, 69 гезит чыгып турган. 1989-жылы жалпы саны 114кө жеткен. 1988-жылы «Кыргызстан», «Мектеп» басмаларынын базасында адабий көркөм чыгармаларды, искусство, адабият таануу жана сын багытындагы китептерди чыгаруучу «Адабият» басмасы уюшулган. Анда кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары, элдик оозеки ад-ттын үлгүлөрү, чыгармачыл жаштардын туӊгуч жыйнактары, альманахтар басылып турган. Бул басмалар кыргыз Басма ишин өнүктүрүүгө зор салым кошушкан. Рынок экономикасына өтүү менен полиграфия өнөр жайынын түзүмүнүн өзгөрүшү басмалар менен басмаканалар уюмдашып, акционердик коомдордун, ошондой эле жеке менчик басма жана басмаканалардын пайда болушун шарттады. «Кыргызполиграфкомбинат» АК китеп чыгарса, «Учкун», «Эркин-Тоо» сыяктуу АКтар гезит-журналдар менен катар китеп чыгаруу ишин да колго алышкан. Учурда өз алдынча китеп, гезит-журнал, нота жана жарнама басылмаларын, буклет, плакат, конверт, календарь ж. б. басма продукцияларын чыгаруучу, өндүрүштүк кубаттуулугу чектелген жогорку технологиядагы полиграфиялык чакан ишканалар иштеп жатат.
Д. Андашев.