БАСМАЙЫЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАСМАЙЫЛ – унаага ээр-токумду бекитүү үчүн курчалуучу тасма. Кайыштан кайыт (булгаарыга ак кайышты беттеп, чыйратылган тарамыш же кебез жип менен кайыйт) жана өрмө («жылан боор өрүмү», «беш кашка өрүмү») аркылуу жасалат. Басмайылдын эки учунда жез, коло же темирден жаа сымал тогоосу, ага улаштырылган боосу, ошондой эле көрпөчө бастыргычы болот.

