БАСТИЛИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСТИ́ЛИЯ – XIV–XVIII кылымдардагы Париждеги чеп жана мамлекеттик түрмө. 1370–1382-жылдары курулган. XV кылымдан ал чеп гана эмес, мамлекеттик түрмөнүн да милдетин аткарган. XVI кылымдын аягынан көбүнчө саясий күнөөкөрлөр отургузулган. 1789-жылы 14-июлда Бастилияны көтөрүлүшчүлөрдүн басып алышы Француз революциясынын башталышы болгон. Бастилия 1790-жылы толугу менен талкаланган. Бастилияны алган күн – 14-июль Франциянын улуттук майрамы катары 1880-жылдан белгиленет.