БАСЫМ БОРБОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСЫМ БОРБОРУ – суюктукта, газда кыймылдоочу же тынч абалдагы нерсеге аракеттенген теӊ аракеттенүүчү күч коюлган чекит. Басым борборунун абалы нерсенин формасына көз каранды, ал эми кыймылдагы нерседе кыймыл багытына жана курчаган чөйрөнүн касиетине жараша болот. Үн ылдамдыгынан тез ылдамдыкта учуучу самолётто абанын кысуусунан Басым борбору куйругуна жылат. Кыймылдагы нерсенин (самолёт, ракета ж. б.) Басым борборунун абалынын өзгөрүшү анын кыймылынын туруктуулугуна таасирин тийгизет. Нерсенин кыймылы туруктуу болуш үчүн оордук борборуна аэродинамикалык күч таасир эткенде Басым борбору мурунку абалына келет.