БАТАЛЬОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТАЛЬО́Н (фр. bataillon – отряд) – кургактагы, аба-десант аскерлериндеги жана деӊиз-жөө аскерлер бөлүктөрүндөгү негизги тактикалык бөлүкчө. Эгер Батальон түздөн-түз бирикменин курамына кирсе, ал өз алдынча административдик бирдик болуп саналат да, өзүнчө Батальон деп аталат. Батальон мотоаткычтар, танкалык, парашюттук-десанттык, сапёрдук, байланыш, автомобилдик, авторемонттук, курулуш жана башка болуп бөлүнүп, 3–4 ротадан турат.