БАТИСКАФ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАТИСКА́Ф (гр. bathes – тереӊ ж-а skfphos – кеме) – океандын, деӊиздин тереӊдигин изилдөөчү өзү жүрмө түзүлмө. Ал жеӊил (калкыма) тулкудан жана 1–3 кишилик болот шар түрүндөгү ички гондоладан турат. Электр кыймылдаткыч кыймылга келтирген калактуу буралгынын (винттин) жардамы менен жылат. Экипаж, башкаруу аппаратурасы, байланыш радио станциясы, телефон, телекөрсөтүү камерасы жана ил. приборлор гондолага, электр кыймылдаткычы, аккумулятор, жарык кылгыч, теӊдеш жүктөр (балласттар) тулкуга жайгаштырылат. Биринчи Батискафты швейцариялык окумуштуу О. Пиккар 1948-жылы куруп, сыноодон өткөргөн. 1960-жылы анын


1 – бензиндүү сүзүү отсеки; 2 – кеменин тумшук бөлүгүндөгү балласттык цистерна;
3 – кеменин арткы бөлүгүндөгү балласттык цистерна; 4 – аккумулятор батареясынын контейнерлери; 5 – электр кыймылдаткычы; 6 – киргизгич шахтанын айланып өткүчү;
7 – люк; 8 – илимий жабдуулар шахтасы; 9 – гидролокатор; 10 – кеменин тумшук бөлүгүндөгү бытыра контейнери; 11 – чырактар; 12 – тартып алуу камерасы; 13 – бышык чөйрө; 14 – иллюминатор; 15 – люк; 16 – манёвр цистернасы; 17 – суу астындагы телефон; 18 – телекөрсөтүү камерасы; 19 – эхолот; 20 – гайдроп; 21 – кеменин арткы бөлүгүндөгү бытыра контейнери.
уулу Ж. Пиккар жана Д. Уолш «Триест» Батискафы менен Тынч океандагы Мариана кобулунун түбүнө (11 миӊ м тереӊдикке) жеткен.