БАТИСФЕРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАТИСФЕРА (гр. bathes – тереӊ ж-а sphfira – шар) – океанографиялык ж. б. суу астында изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кемеден зым аркан менен суунун тереӊдигине түшүрүлүүчү шар формасындагы (болоттон жасалган) аппарат. Ал суу астында иштөөчү аппараттардан кийин пайда болгон. Батисфераны биринчи жолу 1892-жылы италиялык илимпоз Бальзамелло 165 м тереӊдикке түшүргөн. Батисферанын экипажы (1–2 адам), илимий-изилдөө аппараты, абаны кайра иштеп чыгаруучу системасы, телефону бар, металлдан жасалган, сфера түрүндөгү кеме. Алгачкы Батисфераны өтө тереӊдикте изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн америкалык зоолог Биб долбоорлогон. Анын диаметри 1,45 м, салмагы 2450 кг жана бекемделген терезелери органикалык айнектен болгон. 1934-жылы долбоордун автору Биб жана Отис Бартон ошол Батисферанын ичинде 923 м тереӊдикке түшүп рекорд коюшкан. 1948-жылы 1360 м тереӊдик изилденген. Батисферанын капталга жылышы суу үстүндөгү кемеге байланган зым аркан менен ишке ашырылат. 1950-жылы анын өркүндөтүлгөн түрү – гидростаттар өздөштүрүлгөн.