БАТМАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАТМАН – 1) салмак чен бирдиги. Орто Азия элдеринде Октябрь революциясына чейин колдонулуп келген. Батмандын ченем бирдиги ар кайсы жерде ар түрдүү алынган. Мисалы, Ташкент, Кокон, Самарканд шаарларында бир Батман 8 пудга, Олуя-Ата жана Талас өрөөндөрүндө 12 пудга барабар болгон; 2) аянт өлчөө бирдиги. Батман Ташкентте бир теше, Талас өрөөнүндө 12 теше жерге барабар болгон; 3) салмагы белгисиз чоӊ өлчөм бирдиги. Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин дүйнө элдеринде кабыл алынган чен бирдиктеринин киргизилиши менен Батмандын 3-мааниси калды.